Hakkında
Педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Иманбаев Аскар Асангазиевич 1963-жылы 12-августта Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туулган
Орто мектепти аяктагандан кийин 1985-жылы Казакстандагы Дене тарбия институтуна тапшырып, ийгиликүү бүтүргөн. 2004-жылы экинчи жогорку билимин К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин «Уюмдардын менеджменти» адистиги боюнча алган.
1996-2000-жылдарда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун дене тарбия кафедрасынын окутуучусу, ага окутуучусу болуп иштеген. 2000-2003-жылдары ошол эле кафедранын башчысы кызматында эмгектенген. 2003-2004-жылдарда Педагогика жана дене тарбия факультетинин деканы кызматында иштеген,
2004-2005-жылдары К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун биринчи проректору, 2005-2008-жылдары ЫМУнун окуу иштери боюнча проректору, ректору кызматтарын аркалаган. Ал эми 2009-2012-жылдары Каракол шаардык Кеңешинин төрагасы кызматында иштеген. 2012-жылдан 2023-жылга чейин Дене тарбия жана аны окутуунун методикасы кафедрасынын доценти кызматында эмгектенсе, 2023-жылдан баштап кафедранын профессору. Каракол шаардык кеңешинин XXIV, XXV, XXVI чакырылышынын депутаты. 2017-2019-жылдарда ЫМУнун сырттан окуу бөлүмүнүн директору, 2020-жылдан бери К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун ректору.
Профессор А.А.Иманбаев 2002-жылы педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражасын жактап, 2005-жылы доцент, 2023-жылы профессор наамдарына ээ болгон. Илимий жаатта 51 макаласы, 9 окуу-методикалык куралы, 3 патенттелген (Евразиялык патент) ойлоп табуусу бар.
1996, 1998, 2002, 2004-жылдары Франция, Румыния, Венгрия жана Иранда спорттук мелдештерге катышкан. 2005-жылы Кытайда, Австрияда, 2009-жылы АКШда, 2011-жылы Түркияда окуу стажировкаларында болгон
А.А.Иманбаев өзүнүн илимий-педагогикалык жана коомдук ишмердүүлүк жолунда 1998-жылы Дене тарбиянын отличниги, 2002-жылы – Билим берүүнүн отличниги, 2002-жылы жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, 2005-жылы Билим берүү жана илимдин Профсоюз кыймылынын отличниги, 2014-жылы Каракол шаарынын “Ардактуу атуулу”, 2015-жылы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын отличниги” сыяктуу наамдардын жана сыйлыктардын ээси болгон, 2023-жылы “Түрксойдун” медалын алган.
1963 Isık-Göl doğumlu Prof. Dr. İmanbaev Askar Asangazieviç liseden sonra, 1985 yılında Kazakistan’daki Beden Eğitimi Enstitüsündan mezun oldu. 2004 yılında Kasım Tınıstanov Isık-Göl Devlet Üniversitesitesinden «Organizasyon Yönetimi” uzmanlığı boyunca mezun oldu.
1996-2000 yıllarda Kasım Tınıstanov Üniversitesinden Beden Eğitimi bölümünde öğretmen, öğretmen görevlisi olarak çalıştı. 2000-200 yılında Beden Eğitimi bölümünün başkanı, 2003-2004 yıllarda Pedagoji ve Beden Eğitimi fakültesinin Dekanı görev yaptı.
2004-2005 yıllarında Kasım Tınıstanov Isık-Göl Devlet Üniversitesinin Rektör Vekili, 2005-2008 yıllarda Egitim boyunca Rektör Vekili, Rektör görevlerinde emek verdi.
2009-2012 yıllarda Karakol şehrinin Belediye Meclisinin başkanı olarak görev yaptı. Karakol şehrinin Beledye Meclisinin XXIV, XXV, XXVI çağrılarında Vekil oldu.
2012 yıldan itibaren Beden Eğitimi ve onu öğretme yöntemleri bölümü doçenti, 2023 yıldan itibaren profesörü olarak görevini yapıyor.
2017-2019 yılında Isık-Göl Devlet Üniversitesinin Uzaktan Eğitim bölümünün müdürü olarak çalıştı.
2020 yılında Kasım Tınıstanov Isık-Göl Devlet Üniversitesinin Rektörü atandı ve bugüne kadar çalışmakta.
Prof.Dr. Askarbek İmanbayev 2002-yılında Pedagojika alanında Doktora, 2005 yılında Doçent, 2023 yılında Profesör Ünvanını aldı. 51 makalesi, 9 ders kitabı , 3 patentli ıcatı (Avrasya patenti) var.
1996, 1998, 2002, 2004 yıllarda Fransa’da, Romanya’da, Macaristan’da ve İran’da Sport Yarışmalarına katıldı.
2003 yılında ABDde, 2004tö İran’da, 2005te Çin’de ve Avusturya’da, 2009da ABDde, 2011de Türkiye’de eğitim stajını gördü.
Askarbek İmanbaeyev Sporda Üstün Başarılı Sporcu (1998), Egitimde Üstün Başarılı Egitimci (2005), Eğitim ve Bilimsel Meslek Birliğinde Üstün Başarılı Çalışan (2005), Özyönetimde Üstün Başarılı Yönetici, Karakol şehrinin Fahri Sakini (2014) ödüllerini ve 2023 yılında “Türksoyun” madalyasını kazandı. Bunların dışında 2002 yılında Atletizm Alanında Kırgız Cumhuriyeti’nin Onurlu Antrenörü oldu.